Мен үчүн «Алтын түйүн» – бул ар тараптуу өнүгүүм, чоң жашоого болгон секирик. Академияга төрт жашымдан баштап бара баштагам. Шахмат клубундагы сабактар мага зиректик, чыдамкайлык, биринчи мелдештерден тажрыйба топтоо, чечим кабыл алуу жана өз күчүмө ишенүү сыяктуу сапаттарды өнүктүрдү.
«Жомоктогудай фантазиялар дүйнөсү» ийримине катышуу менен мен сулуулукту көрүүгө, өзгөчө жана таасирдүү нерселерди жаратууга үйрөндүм. Көптөгөн шахмат турнирлери жана сүрөт көргөзмөлөрү менде күчтүү мүнөздү тарбиялады. Академиядагы жашоомдогу кийинки кадам – «Созвездие» астрономиялык клубу болду. Менин кызыгуум космоско, жылдыздуу асмандын табышмактарына, жылдыз топторун байкоого, кометалардын учушун телескоп аркылуу карап, ааламдын түзүлүшүн түшүнүүгө артты. Академияда баштаган илимий долбоорлорумду шаардык изилдөөчүлөр конкурсуна чыгара баштадым.
Академияда окуганымдын аркасында мага Түркиядагы «Space Camp» астрономиялык лагерине барууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. «Созвездие» клубунун астрономдору менен бирге ар кайсы өлкөлөрдөн келген жаштар менен таанышып, космостук аппараттардын башкарылышын үйрөнүп, космостук симуляциялык аппараттарды сынап көрдүк. Биздин команда өз алдынча шаттл учурууга жетишти.
Бул жылдар аралыгында биз «Технодром» лагеринде унутулгус күндөрдү өткөрдүк. Мен үчүн бул лагерь – жаңы идеялар жана долбоорлор үчүн чоң булак болду. Акыркы жолу лагерден «Шаарды смогдон тазалоочу аппарат» долбоору боюнча жаңы идея менен келдим. НДИТАнын «Өзгөчө конструктордук бюросунда» мага бул теманы өркүндөтүүгө жардам беришти. Учурда долбоор Мамлекеттик патент комитетинде каралууда.
«Технодром» лагери мага жаңы технологияларды ойлоп табуу жана жаратуу багытында чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачты. «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык форумунда «Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер» номинациясында «Кыргызстандын суу сактагычтарында тор аркылуу тазалоо жана биологиялык тең салмактуулукту калыбына келтирүү» аттуу долбоорум менен I орунду ээлеп, алтын медаль жана «Жаш академик» наамын жеңип алдым.
Жеңишке жана академияны эл аралык деңгээлде таанытууга болгон умтулушум мага көп жетишкендиктерди алып келди. «Большая перемена» эл аралык конкурсу боюнча мен финалга чыгып, эл аралык балдар борбору «Артекке» жолдомо утуп алдым. Ал жерде биз ар кандай маселелерди чечип, долбоорлорубузду сунуштадык, медиа чөйрөсү боюнча лекцияларды уктук. Алдыңкы орусиялык ЖОЖдордун окутуучулары бизге окууга тапшыруунун шарттарын түшүндүрүп беришти. Акыркы долбоорумду презентациялагандан кийин, мага орто билимимди аяктагандан кийин «РосАтом» университетине кабыл алуу сунушталды.
Мен НДИТА «Алтын түйүн» педагогикалык жамаатына ар кандай деңгээлдеги конкурстарга катышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдирем!