«Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы – Кыргызстандагы STEM-билим берүү жана жаштардын илимий-техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүү менен алектенген жападан жалгыз адистештирилген мектептен тышкаркы билим берүү мекемеси. Биз 60 жылдан бери балдарга техниканын, конструкторлуктун, ойлоп табуунун жана чыгармачылыктын укмуштуудай дүйнөсүн таанып-билүүгө жардам берип келебиз!
Ишмердүүлүгүбүздүн тарыхында «Алтын түйүн» 140 миңден ашуун өспүрүмдү даярдады. Алардын көпчүлүгү өлкөбүздүн жана чет элдин алдыңкы жогорку окуу жайларына тапшырып, илимпоз, ойлоп табуучу, инженер-техникалык кызматкер болуп калыптанышты.
Кыргызстанда жаштардын илимий-техникалык билим алуусун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн академиябыз Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталарына жана ыраазычылык каттарына ээ. Илим менен техниканын өнүгүшүнө кошкон инновациялык салымы үчүн Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму (WIPO) «Алтын түйүндү» «Алтын сертификат» жана «Өзгөчө кристалл сыйлыгы» менен сыйлаган.