Урматтуу мугалимдер, ата-энелер жана балдар!
2025-жылы математика боюнча “Жаш пифагорлор илим жана техника дүйнөсүндө” республикалык олимпиадасы адаттагыдай эле апрель айынан май айына чейин үч турда: тандоо, регионалдык жана республикалык болуп өткөрүлөт.
Биринчи эки тур (тандоо жана регионалдык) онлайн режимде, үчүнчү тур, республикалык, бетме-бет катышуу менен өткөрүлөт.
Көңүл бургула!!!
«Илим жана техника дүйнөсүндөгү жаш пифагорлор» аттуу Республикалык математика олимпиадасынын уюштуруу комитети, өлкөнүн аймактарынан келген катышуучулардын көптөгөн кайрылууларына байланыштуу, аймактардагы техникалык кыйынчылыктар жана туруксуз интернет себептеринен улам, РМОнун биринчи айлампасы 2025-жылдын 24-апрелине чейин узартылганын маалымдайт.
Эскерте кетсек, бул олимпиада 3–8-класстын окуучулары үчүн өткөрүлөт. Тестти кыргыз же орус тилдеринин бирин тандап тапшырууга болот.
ТЕСТТЕН ӨТҮҮ ҮЧҮН https://rmo.rdita.kg РМОнун САЙТЫНА КИРИШ КЕРЕК! УИТБА "АЛТЫН ТҮЙҮН" САЙТЫ ЭМЕС! Олимпиаданын өзүнчө сайты бар! Ошол сайттан сизге ыңгайлуу тилди тандасаңыз болот. Олимпиадага катышар алдында эрежелер менен кылдат таанышып чыгыңыз.
Быйыл сиздер тестти каалаган убакта тапшыра аласыздар, бирок адегенде каттоодон өтүп алууңуз керек. ЭСКЕРТЕБИЗ! СИСТЕМА СИЗ ТЕСТ МЕНЕН ЭМНЕ УЧУРДА ЖАНА КАНЧА УБАКЫТ ИШТЕГЕНИҢИЗДИ КАТТАП ТУРАТ! Ошондуктан тестти ачып коюп, тапшырмаларды көчүрүп алып, кийин "мен жөн эле басып алдым" деп чыгууга мүмкүн эмес. Бул жагына көңүл бурууну өтүнөбүз!
Мындан тышкары, тестте тапшырмалардын бир нече варианттары бар жана алар автоматтык түрдө кокус тандалып берилет, ошондуктан жогоруда айтылган аракеттер эч кандай жыйынтык бербейт.
Каттоо учурунда олимпиаданын ар бир катышуучусу өзүнүн кийинкидей маалыматтарын толтурат: туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясын жана номерин, фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, шаарын, облусун, районун, мектептин номерин, классын, уюлдук телефонунун номерин көрсөтөт. Ош жана Бишкек шаарларында жашаган олимпиаданын катышуучулары өз шаарын гана көрсөтүшөт, облусун көрсөтүүнүн кереги жок.
Катталгандан кийин олимпиаданын ар бир катышуучусу төмөнкүдөй билдирүү алат:
Сиз ийгиликтүү катталдыңыз! Сиздин ID: …………….
Эсиңизден чыгарбаңыз жана сөзсүз жазып коюңуз!!!
Бул номер келечекте олимпиаданын турларынан өткөндө керектелет!
Олимпиаданын ар бир катышуучусунун өзүнүн ID номери болот, бул мисал катары берилген.
Көңүл бургула!!!
Эгерде сиз катталып, өзүңүздүн ID номериңизди сактап койгон болсоңуз жана учурда тестирлөөнү баштоого даяр боосоңуз, анда пайда болгон төмөнкү билдирүүнү басыңыз:
ушундан кийин тест башталат.
Эгер сиз каттоодон өткөндөн кийин дароо тест жазууга даяр болбосоңуз, анда каттоодон өтүп, өзүңүздүн ID номериңизди сактап койгондон кийин, https://rmo.ndita.kg сайтынын менюсунан “ТЕСТТИ БАШТОО” функциясын тандап, белгиленген мөөнөттө тестти жазуу үчүн сайттан чыгып, аны ыңгайлуу убакта өтө аласыз, бул жерде сиздин сактап койгон ID керек болот.
Тандоо турунун жыйынтыгы Олимпиаданын веб-сайтында “ЖЫЙЫНТЫКТАР” бөлүмүндөгү иштердиавтоматтык түрдө текшерүү жол-жобосунан кийин көрсөтүлөт.
Кийинки турга - аймактык турга- катышуучулардын тизмелери олимпиаданын сайтында жарыяланат.
Олимпиадага байланыштуу бардык суроолор боюнча olimp@ndita.kg электрондук дареги жана (0312) 31-58-47 телефону аркылуу байланышууга болот.
Ийгилик коштосун!
РМОнун уюштуруу комитети