"Алтын түйүн" УИТБА
Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Манас проспекти, 1
rdita.at@gmail.com
+ 996 (312) 31-58-47, 31-58-74

Патенттер

Политехникалык билим берүүнү жайылтуу жана мектеп окуучуларын кесиптик багыттоону ишке ашыруу максатында Кыргызстандын бардык аймактарынан келген окуучулар үчүн УИТБА «Алтын түйүн» мекемесинде ойлоп табуучулук-компьютердик экспресс-мектеп иштеп жатат. Бул жерде балдар атайын техникалык адабиятты колдонуу, Интернет тармагында иштөө, ойлоп табуулар, алардын прототиптери жана аналогдорунун каталогдорун пайдалануу боюнча билим алышат. Ойлоп табуучулук-компьютердик экспресс-мектеп өспүрүмдөрдүн чыгармачыл инсандык өнүгүүсүн колдоонун бир формасы болуп саналат. Аталган мектеп иштей баштагандан бери биздин тарбиялануучулар тарабынан 13 патенттелген ойлоп табуу ишке ашырылган.

                                                                   

Мектептин негизги максаттары:

  • окуучулардын ойлоп табуучулук жана рационализатордук жөндөмдөрүн, маалыматтык сабаттуулугун жана техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүү;
  • балдарды өз идеяларын негиздөө жана ойлоп табууларга патент алуу эрежелерин үйрөтүү;
  • инсанды ар тараптан өнүктүрүү – техникалык чыгармачылык менен креативдүү кыялды айкалыштыруу аркылуу;
  • окуучулардын жаңы идеяларын жана рационализатордук сунуштарын жеке компьютерде практикалык иш аркылуу ишке ашыруу.