1961-жылдын декабрь айында Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин токтому менен Фрунзе шаарында Республикалык бириккен жаш техниктер жана натуралисттер станциясын ачуу чечими кабыл алынган. Ошол учурда Белинский көчөсү, 1 дареги боюнча жакшы имарат курулуп бүткөн, бирок ал бош туруп, керектүү жабдуулар менен камсыздалган эмес. Баары нөлдөн башталган. Кызматкерлердин күчү менен имарат эмерек, станок, шаймандар жана материалдар менен толукталып, алардын көпчүлүгү Кыргыз ССРинин ЛКЖС Борбордук Комитетинин каражаттарынын эсебинен алынган. Станциянын биринчи директору болуп Пекин Николай Николаевич дайындалган.
Алгачкы жылдары кызматкерлер станциянын айланасын жашылдандыруу иштерин өздөрү жүргүзүп, клумбалар үчүн топуракты жеке унаалары менен ташып келишкен. Азыркы күнгө чейин имараттын алды жагындагы гүлзарлар көз кубантып келет. Ошол учурда тигилген көптөгөн бак-дарактардын айрымдары бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Башында станциянын имараты эки кабаттуу болгон, кийинчерээк Т. Усубалиевдин буйругу менен үчүнчү кабат кошумча курулган.
Станциянын салтанаттуу ачылыш аземи 1962-жылдын күзүндө өткөрүлгөн. Иш-чарага ЛКЖС БКнын биринчи катчысы К. Кулматов, Кыргыз ССР КП БКнын катчысы, комсомолдун Борбордук Комитетинин катчылары С. Наматбаев, Г. Чымырбаева, Я. М. Глущенко жана башка жетекчилер катышкан. Бул жерде 1200 окуучу техникалык ийримдерге тартылган. 1963-жылдын жайында Комсомол көлүндө республика боюнча кеме моделдөө боюнча мелдештер өтүп, андан кийин аэродромдо планердик, ал эми бир жылдан соң ракеталык авиамоделдөө боюнча мелдештер уюштурулган.
Станциянын негизги кадрдык курамы борбордук Пионерлер сарайынын техникалык бөлүмүнүн тажрыйбалуу кызматкерлеринен түзүлгөн. Алардын катарында: Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, СССРдин спорт чебери, авиамодель ийриминин жетекчиси Чеботаев Василий Иванович; СССРдин спорт чебери, кеме моделдөө ийриминин окутуучусу Залозный Андрей Фрументьевич; автомодель ийриминин жетекчиси, СССРдин спорт чебери Гневашев Рюрик Владимирович; кеме моделдөө ийриминин окутуучусу Вигриянов Борис Николаевич жана башка көптөгөн энтузиасттар бар болчу.
Ошондой эле, киносүйүүчүлөр ийриминин жетекчиси Лепишев Николай Зиновьевич стационардык кино жабдууну өзү орнотуп, балдар үчүн акысыз тасмаларды көрсөтүп турган. Ал эми автоматика ийриминин мүчөлөрү ички телефон станциясын орнотуп, аны ишке киргизишкен.
Ийримдер биринчи күндөн тартып күн сайын үзгүлтүксүз иштеп, дем алышсыз иш тартибинде жүргөн. Өзгөчө жекшемби күндөрү ийримдердин саны арбын болуп, бул өзүн актаган. Экинчи кабаттагы чоң зал республика боюнча окуучулардын техникалык чыгармачылыгынын туруктуу көргөзмөсүнө ылайыкталып жабдылган.
1963-жылы борбор калаанын Ленин райком партиясы жашоочулардан түшкөн сунушту колдоп, жаштар үчүн жашаган жерине жакын жайгашкан клубдарды түзүү демилгесин көтөргөн. Биринчи клуб Кызыл-Аскер районунда ачылып, ал жерде бир нече ийримдер, анын ичинде биздин станциядан фотосүйүүчүлөр ийрими (жетекчиси Соловкин Борис Андреевич) иштеген.
1963-жылы Кыргызстандын Россияга ыктыярдуу кошулгандыгынын 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленген. Бул датага карата өлкөнүн мыкты окуучуларынын иштери көрсөтүлгөн чоң көргөзмө уюштурулган. Анда экскурсоводдор катары биздин ийримдердин жетекчилери иштешкен. Күз айларында шаардык мектеп окуучуларынын 20% дан ашыгы көргөзмөгө катышкан. Ошол эле жылы Талас шаарында 9 күнгө созулган көчмө көргөзмө уюштурулуп, ага Талас шаарынын жана аймактардын окуучулары, мугалимдери келип катышкан. Айрым окуучулар алыскы айылдардан атайын биздин жүк ташуучу унаа менен жеткирилген. Бул иш-чара мыкты окуучулардын эмгектерин аймактарга жайылтуу үчүн жакшы идея болгон.
Ошол эле 1963-жылы ВДНХда эл чарба жетишкендиктеринин, илим, маданият жана билим берүүнүн чоң көргөзмөсү өтүп, анда биздин станция активдүү катышкан. Көргөзмөгө СССР Министрлер Советинин биринчи орун басары Д. С. Полянский, аны менен бирге Т. Усубалиев, Т. Кулатов, Б. Мамбетова келишкен.
Бул жылдары элдик билим берүү министри Абдылда Каниметович Каниметов болуп, ал биздин станцияга өзгөчө көңүл бурган. Министрдин орун басары Турабекова Марьям Маштаевна да ишибизди колдоп келген. Ал эми ЛКЖС БК тарабынан биздин кураторлор катары Чымырбаева Г. С., бөлүм башчысы Гришина М. М. жана анын кызматкери Руденко Л. С. иш алып барышкан.
Станциянын кызматкерлери авиа-кеме моделдөө жана башка багыттар боюнча сынактарды, семинарларды уюштуруп, методикалык колдонмолорду жарыялаган. 2021-жылдын сентябрына чейин мурдагы Жаш техниктер жана натуралисттер станциясы "Алтын түйүн" аттуу Республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы деп аталып келген. Ал эми 2021-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун жарлыгы менен "Улуттук" статусу берилген!