"Алтын түйүн" УБИТА
Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Манас проспекти, 1
ndita.at@gmail.com
+ 996 (312) 31-58-47, 31-58-74

Биздин өнөктөштөр – үй-бүлө

Толук кандуу билим берүү ишмердүүлүгүн үй-бүлө менен тыгыз кызматташуусуз элестетүү мүмкүн эмес. Балдардын техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүүдө ата-энелердин маанилүү ролун камсыз кылуу үчүн биз «Үй-бүлө – «Алтын түйүн» бирдиктүү тарбиялык-билим берүү мейкиндигин түзүүгө умтулабыз. Ошондуктан биздин академиянын артыкчылыктуу милдеттеринин бири – үй-бүлөнү социалдык жактан колдоо жана педагогикалык коштоо, бул элдин педагогикалык маданиятын көтөрүүгө жана үй-бүлөлүк тарбиялоону жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Биринчи жыл эмес, Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясында «Үй-бүлө» клубу ийгиликтүү иш алып барууда. Бул клуб ата-энелер үчүн психологиялык жана педагогикалык билимдерди алуунун заманбап формасына айланды. Клубдун программасында ата-энелерди окуу-тарбия процессинин активдүү катышуучусу катары көрүү чоң мааниге ээ. Алардын каалоолорун эске алуу менен биз билим берүү процессин пландаштырып, аларды кабинеттердин кароо-сынактарына, ачык сабактарга, сынактарга жана балдары менен биргелешкен чыгармачыл иштерге тартуу менен кызматташууну өнүктүрөбүз.

Жарым жылдык жана окуу жылдарынын жыйынтыгында академиябызда ата-энелердин катышуусунда отчеттук иш-чаралар өткөрүлөт. Бул өзгөчө маанилүү, анткени балдар өз долбоорлорун же моделдерин коргоп жатып, жөн гана практикалык көндүмдөрүн көрсөтпөстөн, чыгармачылык ой жүгүртүүсүн, ойлоп табуу жана изилдөө жөндөмүн да өркүндөтөт.

Ошондой эле «Үй-бүлөлүк өнөркана» сабактарынын өткөрүлүшү чоң мааниге ээ, алар ийрим программасына атайын киргизилген. Бул сабактарда педагог балдар менен ата-энелерге биргелешкен тапшырмаларды берип, аларды биргелешип аткарууга көмөктөшөт. Бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө жардам берет.

Мындан тышкары, окуу жылынын аягында «Алтын түйүн» академиясында ата-энелердин катышуусунда тегерек үстөлдөр өткөрүлөт. Бул иш-чарада алар педагогикалык жамааттын иши тууралуу пикирлерин билдирип, билим берүү процессин жакшыртуу боюнча сунуштарын бере алышат. Анткени, бир команда болуп иш алып барганда гана, биз жаңы бийиктиктерди багындыра алабыз!