"Алтын түйүн" УБИТА
Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Манас проспекти, 1
ndita.at@gmail.com
+ 996 (312) 31-58-47, 31-58-74

Нурманбетова Камила
"Палитра" ИЗО-студиясынын бүтүрүүчүсү

Менин чыгармачылык жолум алты жашымда башталган. Бабам сүрөт тартууга болгон шыгыма байкап, мени жөнөкөй сүрөт ийримине алып барган. Ошондо жөн гана кызыгуу менен башталган бул жол 18 жылга созулуп кетет деп эч качан ойлогон эмесмин. Академияда өткөн 7 жыл аралыгында көптөгөн билимдерди алдым, алар мага келечекте жардам берип, азыр дагы пайдалуу болууда. 

Мен төрт жеке көргөзмөмдү өткөрдүм – жөнөкөй балалык сүрөттөрдөн тартып укмуштуудай пейзаждарга чейин. Биринчи көргөзмөдө толкундануу күчтүү болуп, адамдар кандай кабыл алат деп билбей турасың, бирок алардын суктанып караганын көрүп, аябай жагымдуу сезимдерди аласың. Анткени, сен сүрөт искусствосуна салым кошуп, эмгегиңдин жыйынтыгын көрүп, талыкпаган эмгек менен өз деңгээлиңди көтөрүп жатасың.

Ошондой эле, мага «Жаш академик» наамы ыйгарылган. Ошол күндү дагы деле эстейм – кичинекей бала болгонуңа карабай, сахнага чакырышканын толкундануу менен күтүп турасың. Сенин үстүңө мантия жабышат, колуңа күбөлүк тапшырышат, жана көптөгөн адамдар сага кол чабат. Бул көз ирмем жашоомдо унутулгус эсте калды.

Ар бир сабакты чыдамсыздык менен күтчүмүн, анткени колума кумураны алып, мен өз дүйнөмдү жаратып, көркөм дүйнөгө чөгүп кетчүмүн. Менин чыгармачылык жолума дем берип, мага чоң мотивация берген эң мыкты устатым – Азаров Кылыч Азарович болду. Ал өз ишин сүйүп, ага берилген инсан эле. Анын эмгектеринин жаралуу процессин көрүү, ал сүрөткө канчалык жан дүйнөсүн арнай турганын байкоо мен үчүн өзүнчө чоң тажрыйба болду. Ал ар бир окуучусуна өзгөчө мамиле жасачу, абдан боорукер, мээримдүү адам болчу жана жылдар бою мага жакын болуп калды.

Менин эсибизде сакталып калган сөздөр:
"Ар бир чиймеде, ар бир карателде,
Устат өз шакирттеринде уланат."

Чынында эле, биз устаттарыбыздан алган билимди таратып, улуу өнөрдү кийинки муунга өткөрүп жатабыз.

Сүрөт искусствосунан тышкары, мен курулуш тармагына кызыгам. Ошондуктан эч күмөнсүз, архитектуралык чөйрөнүн дизайн тармагын тандадым.

Ошондуктан, достор, аракет кылыңыздар! Мен сиздерге эң жакшы каалоолорумду айткым келет – чыгармачылык шыктарыңыздар эч качан түгөнбөсүн! Жаратсаңыздар, максаттарыңызга карай тайманбай кадам таштаңыздар. Башкалардын пикири сиздерди адаштырбасын, жүрөгүңүздөрдү тыңшап, анын артынан ээрчиңиздер. Бул жерге келгенден баштап, сиздер максатыңыздарга алгачкы кадамдарды таштайсыздар.

Жашоо бир эле жолу берилет, андыктан коркпоңуздар, тобокелге барыңыздар, ката кетирүүдөн коркпоңуздар! Анткени, катачылыктар – чоң ийгиликтерге жеткирүүчү кадамдар.

Бардыгыңыздарга ийгилик жана чоң жеңиштер каалайм!