Астрономиялык клуб "Созвездие" мага көптөгөн өлкөлөрдү кыдырууга, ар түрдүү кызыктуу адамдар менен таанышууга жана баа жеткис тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк берди. Мен физикалык жана астрономиялык маселелерди чечүүнү, командада иштөөнү жана долбоорлорду коргоону үйрөндүм. Бул билимдер мага Санкт-Петербург шаарындагы техникалык жогорку окуу жайына мамлекеттик грант менен тапшырууга чоң жардам берди.
Мен РДИТА «Алтын туйун» академиясына биринчи класста окуп жүргөнүмдө келгем. Ошентип, илим жана техника дүйнөсүнө болгон сапарым башталды. "Созвездие" клубунда менин устатым Шумейко Александра Владимировна болду. Ал мага окуунун алгачкы этаптарында эле Жерден тышкаркы дүйнөнү изилдөөгө болгон сүйүүнү ойготту.
Мен көптөгөн республикалык жана эл аралык конкурстарга катышып, дайыма байгелүү орундарды ээледим. Бул жылдар РДИТА «Алтын туйун» академиясында эң жаркын, пайдалуу жана эсте каларлык учурларга толгон болду!