"Алтын түйүн" УБИТА
Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Манас проспекти, 1
ndita.at@gmail.com
+ 996 (312) 31-58-47, 31-58-74

"Жаш академиктер" жана КР УИА стипендиаттары - 2025

Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын жакшы салты болуп, УБИТАнын тарбиялануучуларына окуудагы, илимий-изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук ишинде жетишкен чоң ийгиликтери үчүн «Жаш академик» ардак наамы ыйгарылат.

Бул жылы «Жаш академик» наамына Ришат уулу Адиль - республикалык жана эл аралык сынактар менен олимпиадалардын көптөгөн жеңүүчүсү жана лауреаты, «Созвездие» астрофизикалык клубунун тарбиялануучусу (жетекчиси - Кыргыз Республикасындагы билим берүүнүн отличниги Шумейко Александра Владимировна) жана Власкина Аделина - «Плюс» тигүү студиясынын тарбиялануучусу (жетекчиси - Кыргыз Республикасындагы билим берүүнүн отличниги Солтобаева Дильбара Шадыбековна), эл аралык сынактарда лауреат, жеке көргөзмөлөрдүн автору болуп наамга татыктуу болушту. Мантия, «Жаш академик» күбөлүгү жана Аделинага энчилүү стипендиянын сертификатын  КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, техника илимдеринин  доктору, профессор Бримкулов Улан Нургазиевич тапшырса, Адилге —  КР УИАсынын башкы илимий катчысы, корреспондент-мүчөсү Худайбергенова Бермет Мерлисовна ыйгарды.

Ошондой эле, ушул жылы  КР УИАсынын энчилүү стипендиясына Дмитриев Назар — эл аралык «Креативдүү идеялар жана технологиялар кербенинин» жеңүүчүсү (жетекчиси - Кыргыз Республикасындагы билим берүүсүнүн отличниги Комкова Маргарита Александровна) жана Джунушев Акылали — «Креативдүү идеялар жана технологиялар кербенинин» күмүш байгесинин ээси, «Roboland» эл аралык фестивалынын сыйлык ээси (жетекчиси — Садыков Эмир Данилович) татыктуу болушту.

Биз тарбиялануучуларыбыз менен өзгөчө сыймыктанабыз!Биздин балдар менен алардын мыкты мугалимдеринен жаңы жетишкендиктерди күтөбүз жана аларга  ийгиликтерди каалайбыз!