"Алтын түйүн" УБИТА
Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Манас проспекти, 1
ndita.at@gmail.com
+ 996 (312) 31-58-47, 31-58-74

"Алтын түйүндө" ИТО-2025ке катышуучуларды тандоо туру өттү

2025-жылдын 27-28-февралында Бишкек шаарында «Илим + Ойлоп табуу = Техника!» аталышында республикалык илимий-техникалык олимпиада өтөт. Ал жаш ойлоп табуучулар үчүн өздөрүнүн илимий жана инженердик жөндөмдөрүн көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт. 

Бул олимпиада жаш ойлоп табуучулар үчүн өздөрүнүн илимий жана инженердик жөндөмдөрүн көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Кыргызстан боюнча бардык аймактардан келген окуучулар азыртан кызуу даярданып, алгач жергиликтүү тандоо турларында өздөрүнүн долбоорлорун сунушташат. УБИТАнын тарбиялануучулары да ички тандоо сынагынан өтүп, республикалык деңгээлде академиянын намысын татыктуу коргоо үчүн аракеттенишет.

Олимпиада салттуу түрдө үч этап менен өтөт. Теориялык турда командалар илимий-изилдөө иштеринин негизинде баяндама жасашат. Алар Кыргызстан аймактарында авто жолдордун өнүгүүсүнө багытталган келечектүү каттамдарды иштеп чыгуу боюнча өз сунуштарын беришет.

 Практикалык тапшырма катары катышуучулар өз алдынча иштеп чыккан жана жасаган оюн автоматынын моделин тааныштырышы керек. Бул механизм роботтун жардамы менен байгени кармап, аны белгилүү бир чекитке жылдыруу функциясын аткара алышы керек. Ал эми экспресс-турдун тапшырмасы оюн учурунда гана жарыяланат, бул тур катышуучулардын чыгармачылыгын жана тез ой жүгүртүү жөндөмүн сыноого багытталган.

Бул ири интеллектуалдык мелдешке катышкан бардык окуучуларга ийгилик каалайбыз!