"Алтын түйүн" УИТБА
Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Манас проспекти, 1
rdita.at@gmail.com
+ 996 (312) 31-58-47, 31-58-74

«Рефалдын» окуучулары «Созвездие» клубунда конокто

«Алтын түйүн»Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын алдындагы «Созвездие» аттуу астрофизикалык клубуна «Рефал» бириккен билим берүү комплексинин 6- жана 9-класстарынын окуучулары конокко келишти.Клубдун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы Александра Владимировна Шумейко өзүнүн тарбиялануучулары менен бирге окуучулар үчүн кызыктуу космостук саякат уюштурду. Балдар портативдүү планетарийде илимий-популярдуу фильм көрүп, Күн системасы боюнча виртуалдык саякатка чыгышты. Андан соң алар астрономия тууралуу кызыктуу маекке аралашышты. Жаш изилдөөчүлөр жылдыздуу асманда багытты кантип аныктоо керектигин үйрөнүшүп, байыркы гректердин жылдыз топтору тууралуу уламыштарын угуп, башка планеталарда жашоо болушу мүмкүнбү? деген суроону талкуулашты жана планеталардын үндөрүн да уга алышты!

«Рефалдын» окуучулары астрономияга байланышкан изилдөө долбоорлорун жазуу боюнча кеңеш алуу үчүн «Созвездие» клубуна кайрылышты. Балдарды космоско кызыктыруу максатында Александра Владимировна өзүнүн илимий-изилдөө иштеринин бири боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Бул долбоорду иштеп чыгуу учурунда анын окуучулары өздөрүн байыркы кыргыз астрономдору катары элестетип, «Манас» эпосунун негизинде өздөрүнүн жылдыз топторун жаратышкан. Жолугушуунун соңунда мектеп окуучулары Улуттук академиянын жаш астрономдору менен таанышып, ар түрдүү кызыктуу суроолорду беришти. Бул жолугушуу балдарга унутулгус таасир жана шыктандыруу тартуулады! Балким, алардын айрымдары бүгүнтөн тартып эле астрофизик же инженер болууну кыялдана башташкандыр. Себеби космос — жаңы ачылыштар үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт!