"Алтын түйүн" УБИТА
Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Манас проспекти, 1
ndita.at@gmail.com
+ 996 (312) 31-58-47, 31-58-74

Кыргызстанда Илим, Техника жана Өндүрүш Жумалыгы расмий түрдө башталды!

Иш-чара жөнүндө көбүрөөк билүү:
Неделя науки, техники и производства школьников

2025-жылдын 24-февралынан тартып 28-февраль күндөрү Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн Республикалык илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өткөрүлөт. Жумалык биздин өлкөдө 17 жылдан бери өткөрүлүп келет!

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы өлкөдө окуучуларды илимий изилдөөлөрдүн жана өндүрүштүн кызыктуу дүйнөсү менен тааныштыруу үчүн Жумалык өткөрүп келет. Жумалыктын программасы кызыктуу иш-чараларга бай. Жумалыктын алкагында өлкөнүн мектеп окуучулары үчүн Бишкек шаарында да, Ош шаарында дагы КРнын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен жолугушуулар, «Технопаркка» жана илимий-изилдөө институттарына экскурсиялар, КРнын алдыңкы жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы менен тегерек столдор, өткөрүлөт.

Бүгүн техникалык илимдердин кандидаты, доцент, И. Раззаков атындагы  Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин "Энергиянын калыптанма булактары" кафедрасынын башчысы Жабудаев Турукмен Жусупбекович жана техника илимдеринин кандидаты, “Алтын туйун” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын директорунун орун басары Жогаштиев Нурлан Тилекович УТРК телеканалында башталган Республикалык Жумалыкты расмий түрдө ачып беришти.

Түз эфирди төмөнкү шилтеме аркылуу көрүүгө болот: ТҮЗ ЭФИРДИ КӨРҮҮ >>>

Жумалыктын жүрүшүндө окуучу жаштарды технологиялык процесстер жана техникалык адистиктер менен тааныштыруу үчүн өлкө боюнча балдарга өнөр жай ишканаларына, фабрикаларга, заводдорго жана өнөрканаларга экскурсиялар уюштурулат. Бул күнү балдар ишканалардын ишин ичинен көрүүгө, инженерлер жана рационализаторлор менен жолугушууга эӊ сонун мүмкүнчүлүк алышат.

Жумалыктын эң көрүнүктүү окуяларынын бири 27-28-февралда Бишкек шаарында өтө турган мектеп окуучуларынын «Илим + Ойлоп табуу = Техника!» аттуу республикалык илимий-техникалык олимпиадасы болмокчу. Ага Кыргызстандын бардык областтарынан командалар катышып – 100дөн ашык адам келери күтүлүүдө!

Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн жаш муундары илимий-техникалык багыттагы кесиптерге көбүрөөк кызыгып жатышат, ошондуктан мектеп окуучуларын креативдүү илимге, технологияга жана инженерияга тартуу, ошондой эле кесип тандоодо аларга колдоо көрсөтүү Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүн камсыздайт!