"Алтын түйүн" УБИТА
Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Манас проспекти, 1
rdita.at@gmail.com
+ 996 (312) 31-58-47, 31-58-74

УБИТА «Алтын түйүн» жана Кыргызпатент кызматташтыкты кеңейтүүдө

УБИТА «Алтын түйүн» жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызмат (Кыргызпатент) көп жылдык өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарууга камынууда.  Кеңейтилген кызматташтыктын негизги багыттарына төмөнкүлөр кирет:

  • Интеллектуалдык менчикти коргоо жана патенттөө боюнча адистерди окутуу – биздин академиянын жаш ойлоп табуучуларын инновациялык чечимдерди жаратууга шыктандыруу максатында УБИТАнын адистеринин квалификациясын жогорулатуу.
  • Биргелешкен иш-чараларды уюштуруу – илим, техника жана инновациялар жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулаш үчүн конференциялар, тегерек столдор жана башка билим берүү аянтчаларын өткөрүү.
  • Библиотеканы адистештирилген адабияттар менен толуктоо – ойлоп табуучулук, патент таануу жана STEM-билим берүү боюнча материалдар менен камсыздоо аркылуу окуучулар менен мугалимдердин билим деңгээлин тереңдетүү.
  • Жаш ойлоп табуучуларды колдоо жана республиканын таланттуу окуучуларын аныктоо – алардын техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүүгө шарт түзүү.

Көп жылдар бою УБИТА «Алтын түйүн» жана Кыргызпатент жаштар арасында техникалык чыгармачылыкты жана ойлоп табуучулукту жайылтуу боюнча республикалык жана эл аралык иш-чараларды биргеликте өткөрүп келет. Бул жаңы демилге биздин аракеттерибиздин мыйзам ченемдүү уландысы болуп, илим жана техникага кызыккан Кыргызстандын окуучулары үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Биз кызматташтыктын кеңейиши Кыргызстанды өнүктүрүүгө маанилүү салым кошо турган жаңы муундагы таланттуу инженерлерди, ойлоп табуучуларды жана илимпоздорду тарбиялоого жардам берет деп ишенебиз!