"Алтын түйүн" УБИТА
Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Манас проспекти, 1
ndita.at@gmail.com
+ 996 (312) 31-58-47, 31-58-74

«Алтын түйүн» жана Б.Ельцин атындагы КОСУ STEM багытында кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Бүгүн биздин академияга Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян Университетинин ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Юрьевич Волков баштаган делегация келди. Жолугушуу УБИТА «Алтын түйүн» тарабынан иштелип чыккан «Креативдүү илимди, технологияны жана инженерияны өнүктүрүүгө багытталган кошумча билим берүү концепциясы — Альфа 2040 КР» пилоттук долбоорун ишке ашыруу алкагында өттү. 

Коноктор академиянын ишмердүүлүгү менен кеңири таанышып, окуу кааналарын жана техникалык лабораторияларды кыдырышты. Алар билим берүү чөйрөсүнүн жабдылышын жана окуучулардын жетишкендиктерин жогору баалашты.

Кызматташуунун негизги багыттарын талкуулоодо Сергей Юрьевич академиянын таланттуу тарбиялануучулары үчүн билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында бир катар сунуштарды берди. Ал академиянын окуучулары менен КОСУнун студенттеринин биргелешкен долбоорлорун өнүктүрүү аркылуу алардын кесиптик өсүшүнө шарт түзүүнү, заманбап илим жана техника тенденцияларын эске алуу менен КОСУнун келечектеги абитуриенттери үчүн жаңы багыттарды ачуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну, ошондой эле эл аралык олимпиадалардын жана техникалык багыттагы сынактардын жеңүүчүлөрүнө ЖОЖго тапшырууда кошумча упай берүү жана келишимдик окууга жеңилдиктерди караштыруу маселесин талкуулоону сунуштады.

Мындан тышкары, Сергей Юрьевич астрофизикалык «Созвездие» клубунун мүчөлөрүн КОСУ жана Россия Илимдер академиясынын Жогорку тоолуу физика жана атмосфералык процесстер обсерваториясына чакырып, бул багытта биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырууну сунуштады.

Биз келечеги кең абитуриенттерге өзгөчө кызыгуу менен көңүл бурабыз. Сиздердин академияңыздарда окуучулар олуттуу билим алып жатканын көрүп, ишенем, биз биргеликте таланттуу окуучулар үчүн эң мыкты шарттарды жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн түзө алабыз! — деп белгиледи Сергей Юрьевич.

Кеңейтилген кызматташтык тууралуу келишимге кол коюу «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы менен Б.Н. Ельцин атындагы КОСУнун ортосундагы Республикалык илимий-техникалык окуучулар олимпиадасынын «Илим + Ойлоп табуулар = Техника!» салтанаттуу ачылыш аземинде өткөрүлөт.