Бүгүн биздин академияга ийгиликтүү ишкер, Япониянын инновациялык долбоорлорду өнүктүрүүгө адистешкен «Polaris» компаниясынын башкы директору Лугма Жумаш келди. Ал көп жылдан бери Япония менен Кыргызстандын ортосундагы билим берүү жана инженердик демилгелердин өнүгүүсүн колдоп келет. Япония технологиялар, робототехника жана инновациялар тармагындагы жетишкендиктери менен белгилүү, жана мындай билим берүү өнөктөштүгү Кыргызстандын окуучулары үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачары шексиз. Академиябыздын тарбиялануучулары үчүн бул дүйнөлүк практикаларга жетүү, инженердик ой жүгүртүүнү өнүктүрүү жана Кыргызстанга алдыңкы чечимдерди алып келүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Биздин кызматташтык 2024-жылы «Креативдүү идеялар жана технологиялар кербени» эл аралык фестивалынан башталган. Анда Лугма Жумаш Гран-принин негиздөөчүсү катары мыкты инновациялык долбоордун авторун жети күнгө Японияга жолдомо менен сыйлаган!
Өзүнүн сапарынын алкагында УБИТА «Алтын түйүн» академиясынын ишмердүүлүгү, адистери жана тарбиялануучулары менен жакындан таанышкан соң, Лугма Жумаш кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Академиянын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда кызматташтыкты өнүктүрүүнүн бир нече негизги багыттары каралды:
Мындай кызматташтык эл аралык байланыштарды бекемдеп, өлкөнүн өнүгүүсүнө маанилүү салым кошо турган жогорку квалификациялуу адистердин жаңы муунун даярдоого жардам берет. Жапондук тартип, иш процессин уюштуруу ыкмалары жана инновациялык технологиялар менен таанышуу жаштардын интеллектуалдык жана кесиптик өсүшүнө күчтүү түрткү берет!
«Биз УБИТА "Алтын түйүн“ менен өнөктөштүк кылууга абдан кызыкдарбыз жана мындай демилгелер Кыргызстанды жаңы деңгээлге чыгара ала турган келечектеги лидерлерди жана инженерлерди тарбиялоого жардам берет деп ишенебиз», – деп белгиледи Лугма Жумаш.
Бул долбоор биздин академия үчүн эле эмес, жалпы Кыргызстан үчүн да билим берүү жана технология тармагын өнүктүрүүгө олуттуу кадам болуп, дүйнөлүк деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү жаш адистерди даярдоого өбөлгө түзөт!