"Алтын түйүн" УБИТА
Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Манас проспекти, 1
ndita.at@gmail.com
+ 996 (312) 31-58-47, 31-58-74

2025-жылдагы «Илим + Ойлоп табуу = Техника!» олимпиаданын жыйынтыктары

27-28-февралда Бишкек шаарында мектеп окуучулары жана жаштар үчүн өтүүчү «Илим + Ойлоп табуу = Техника!»Республикалык илимий-техникалык олимпиаданын  финалы өттү.  Бул окуя, республиканын Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын ажырагыс бөлүгү болуп, Кыргыз Республикасынын бардык облустарынан 20 команда - 100дөн ашык катышуучуну чогултуп, алар өздөрүнүн инновациялык иштеп чыгуулары жана инженердик таланттарын көрсөтө алышты. Окуучулар олимпиадага чоң жоопкерчилик менен даярданышып, эң жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүгө умтулушту. Олимпиаданын финалына өтүү оңой болгон жок:  жаш инженерлер алдыга койгон долбоорлорун коргоо үчүн аймактык турда тандоодон өтүштү. Атаандаштык абдан катуу болду! Бул жылы Кыргызстандагы жаш ойлоп табуучулардын иштеп чыгуулары техникалык жактан дагы да иштелип чыккан жана оригиналдуу болгондугун  канааттануу менен белгилөөгө болот.

ИТОнун салтанаттуу ачылышы 27-февралда Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Абдылдаева Гүлшан Кушбековна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу  Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын директору Керимбева Рахат Топчубековна жана Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин Кыргызстандагы программалык координатору мырза Мехмет Бодур катышты. Алар олимпиаданын катышуучуларын куттуктап, бул иш-чаранын жаш муундардын илимий-техникалык потенциалын өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилешти, бул болсо Кыргызстанды прогрессивдүү өнүктүрүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Олимпиада үч этапта өттү: теориялык тур, экспресс-тур жана «үй тапшырмасы» боюнча берилген темада долбоорлорду коргоо. Алгачкы турда окуучулар жана жаштар Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү үчүн автоунаа жолдорунун келечектүү каттамдарын иштеп чыгуу боюнча  изилдөөлөрүн сунушташты. Экинчи турда алар "Тоо дарыяларына жакын балыктарды өстүрүүчү активдүү эс алуу зоналарынын моделдерин жана макеттерин жасоо" темасында чыгармачылыгын көрсөтүштү. Үчүнчү тур келечектеги инженерлер үчүн чыныгы сыноо болду, анда алар роботтун байгени таап кармап,   аны белгилүү бир абалга алып баруу боюнча  оюн автоматынын оригиналдуу моделин иштеп чыгышы керек болчу.

Катышуучулардын иштерин өлкөнүн белгилүү илимий ишмерлери жана адистери баалады. Калыстар тобун «БишкекЭлектро» ЖЧК директору Жумашов Залкарбек Ташболотович жетектеди. Калыстар тобунун  курамында ошондой эле: техника илимдеринин кандидаты, доцент, КМТУнун «Автоматташтыруу, робототехника жана мехатроника» кафедрасынын жетекчиси Самсалиев Анвар Амантаевич; техника илимдеринин кандидаты, доцент, КМТУнун «Жаңылануучу энергия булактары» кафедрасынын жетекчиси Жабудаев Турукмен Жусупбекович; техника илимдеринин кандидаты, доцент, КМТУнун «Полиграфия» кафедрасынын жетекчиси Байгазиев Мирбек Сагымбаевич жана Кыргызпатенттин алдындагы «Инновациялык борборунун» ММ директору Алымбеков Айдар Бакытович бар. Жооптуу катчы техника илимдеринин кандидаты Жогаштиев Нурлан Тилекович болду.

Республикалык илимий-техникалык олимпиаданын жабылыш аземи  жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо 28-февралда Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда өттү. Юниор-лигада ИТОнун жеңүүчүлөрү Жалал-Абад облусунун командасы болуп чыкты (Базаркулов Самат, Исаков Элдар, Тургунов Даниель жана Кармышаков Эрбол, жетекчиси – Момбаев А.). Мектеп лигасында биринчи орунду Талас облусунун командасы жеңип алды (Меделбеков Нурбол, Анарбеков Дастан, Алымбеков Алишер жана Накаева Арууке, жетекчиси – Байдалиев М.). Жеңүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин дипломдору жана өтмө кубогу Ыканов Аман Ишенбиевич – Министрликтин Мектеп, мектепке чейин жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын адиси тарабынан тапшырылды.

Юниор-лигада экинчи орунду Ош облусунун командасы ээледи (Кабулжанов Абдулвосил, Омурзаков Ариет, Абдилазизова Рабия жана Замирбек у. Мустафа, жетекчиси — Орозалиева Н.), ал эми мектеп лигасында «Алтын түйүн» УБИТА командасы (Исраилов Атай, Захарова Ева, Пискарева Мария жана Аттокуров Билал, жетекчиси — Аблакеев А.) жеңишке жетишти. Жеңүүчүлөргө дипломдорду Жумашов Залкарбек Ташболотович, ИТО-2025тин башчысы тапшырды.

Юниор-лигада үчүнчү орунду Нарын облусунун командасы алды (Увалиев Салават, Торобекова Айзирек, Элебесов Нурэл жана Муратканов Нурмухаммед, жетекчиси — Турдалиева Р.), мектеп лигасында болсо – Ысык-Көл облусунун командасы (Исаев Алибек, Шекенбаев Нурдан, Дуйшонов Жумабек, Исмаилов Нурель, жетекчиси — Өмүрбек у. И.) үчүнчү орунду жеңип алды. Үчүнчү даражадагы дипломдорду Жабудаев Турукмен Жусупбекович – И.Раззаков ат. КМТУ доценти, техника илимдеринин кандидаты тапшырды.

Юниор-лигада Бишкек шаарынын командасы (Кубанов Хусейин, Джеенбекова Асема, Джолдошев Мырзахмад жана Дыйкамбаев Нурислам), ал эми мектеп лигасында Баткен облусунун командасы (Омурзаков Исхак, Атаханов Мардан, Насирдинов Эрмек жана Абдураимов Азатбек) грамота алышты. Бардык ИТО-2025тин катышуучуларына ошондой эле «БишкекЭлектро» ЖЧК тарабынан сертификаттар жана эстеликке белектер тапшырылды.

«Илим + Ойлоп табуу = Техника!» Республикалык илимий-техникалык олимпиадасы Кыргызстан жаштарынын илимге жана техникага болгон кызыгуусун арттырууга чоң күч болду. Бул биздин өлкөбүздүн инженердик потенциалын өнүктүрүүнүн маанилүү кадамы болуп, келечекте анын экономикалык жактан өсүшүнүн негизин түзөт!