"Алтын түйүн" УИТБА
Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Манас проспекти, 1
rdita.at@gmail.com
+ 996 (312) 31-58-47, 31-58-74

«Алтын түйүн» кызматташтыгын Б.Н. Ельцин ат. КРСУ менен кеңейтүүдө

«Алтын түйүн» УИТБА Кыргызстанда STEM-билим берүүнү активдүү өнүктүрүп, техникалык жактан жөндөмдүү балдар үчүн жаңы билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүп жатат.  Бул багытта маанилүү кадам катары Б.Н. Ельцин ат. Кыргыз-Россия Славян университети менен кызматташтыкты кеңейтүү болду. Кызматташтык келишимине кол коюу аземи 2025-жылдын 28-февралы күнү Республиканын мектеп окуучулары үчүн Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы аяктаган күнү өттү.

КРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Юрьевич Волков белгилегендей, бул өнөктөштүк жаштардын инженердик жана изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн тереңирээк өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү уникалдуу билим берүү мейкиндигин түзүүгө багытталган. Биргелешкен демилгелер жаш окумуштуулар жана инженерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачылып, аларга сапаттуу билим берүү программаларына жана инновациялык долбоорлорго жол ачат!