15-апрель — жаштардын инженердик ой жүгүртүүсүн жана техникалык сабаттуулугун өнүктүрүүгө багытталган эки билим берүү мекемеси үчүн маанилүү күн болду. Бул күнү «Алтын түйүн» Улуттук балдардын инженердик-техникалык академиясы жана И. Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы Бишкек техникалык колледжи кызматташтык тууралуу расмий келишимге кол коюшту. Бул документ эки мекеменин окуучулары жана мугалимдери үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Келишимге кол коюу аземине Академиянын директору — Айбек Алмасбекович Алмасбеков, жана колледждин директору — Келебаев Касымбек Кенешович катышты. Иш-чара иштиктүү маанайда, шыктандыруучу атмосферада өтүп, бул – узак жана жемиштүү кызматташуунун башталышы экенин баары сезишти.
Академия менен колледждин ортосундагы кызматташтык жөн гана билим алмашуу эмес, бул — окуучулар жана студенттер окуп эле тим болбостон, өз долбоорлорун ишке ашыра алган бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүгө карай стратегиялык кадам. Сөз илим жана технология тармагындагы өз ара иш алып баруу, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу жана жаштар арасында илимий, изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү жайылтуу боюнча иш-чараларды өткөрүү жөнүндө болууда.
Айрыкча көңүл педагогдордун тажрыйба алмашуусуна бурулат. Бул эки тарап үчүн тең техникалык сабактарды окутууда колдонулган мыкты практикалар менен методдордон өз ара пайдаланып, жаңы тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүн берет. Академиянын окутуучулары орто кесиптик билим берүү тармагындагы методикалык ыкмаларды үйрөнсө, колледждин мугалимдери кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү жаңыча, инновациялык жана практикага багытталган усулдардан шыктана алышат.
«Алтын туйун» академиясы үчүн бул келишим өзгөчө мааниге ээ. Бул — Академиянын окуучуларынын даярдык деңгээлинин жогору экенин тастыктоо жана алардын инженердик потенциалын мындан ары да өнүктүрүүгө жасалган ишенимдүү кадам. Эми академиянын тарбиялануучулары FabLab лабораториясынан жана 3D моделдөө курсунан баштап, өз идеяларын колледжде ишке ашырып, чыныгы инженердик долбоорлорго айланта турган жолго ээ болушат.
Айбек Алмасбеков өз сөзүндө бул келишим кадимки документ эмес, технологияга кызыккан ар бир мектеп окуучусуна чексиз мүмкүнчүлүк берүүчү жандуу жана динамикалуу өнүгүү системасын курууга шарт түзөрүн белгиледи. Бул система аркылуу алар жөнөкөй роботтон баштап, реалдуу инженердик чечимдерге чейин өсө алышат.
Мындай кызматташтык — билимди, ресурстарды, демилгени жана чыгармачылыкты бириктирүү жолу. Анын негизги максаты — дүйнөнү жакшы жакка өзгөртө ала турган жаратмандарды, ойлоп табуучуларды жана изилдөөчүлөрдү тарбиялоо.