
"ТЕХНОДҮЙНӨ – КЕЧЭЭ, БҮГҮН, ЭРТЕҢ"
Республикалык компьютердик плакаттар сынагын өткөрүү жөнүндө
ЖОБО
1. Максаты жана милдети:
- Санариптик технологияларды колдонуу менен окуучулардын маалыматтык сабаттуулугун жогорулатуу;
- Балдардын жана жаштардын окуу, таанып-билүү жана изилдөө иштериндеги маалыматтык активдүүлүгүн өнүктүрүү;
- Визуалдык сабаттуулук менен көркөм табитти калыптандыруу.
2. Иш-чаранын уюштуруучулары
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, «Алтын түйүн»Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы.
3. Өткөрүү убактысы жана дареги
- Сынак 2025-жылдын 15-январынан 5-февралына чейин өткөрүлөт.
- Иштер 3-февралга чейин «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы дарегине төмөнкү электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек: poster.ndita@gmail.com.
- Электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн иштер «Сынак» темасында жөнөтүлүүгө тийиш (болбосо каттар ачылбайт).
4. Номинациялар жана катышуучулар
Сынакка 10 жаштан 17 жашка чейинки мектептерде, кошумча билим берүү мекемелеринде жана балдар билим берүү борборлорунда билим алган окуучулар, өспүрүмдөр жана жаштар катыша алышат.
Жөнөтүлгөн иштер 2 жаш категориясы боюнча бааланат:
5. Иштерге коюлуучу талаптар
- Сынакка сунушталган иштер ар кандай компьютердик технологияларды колдонуу менен түзүлүшү мүмкүн: тексттик жана графикалык редакторлор (Word, Paint, PowerPoint, CorelDraw, Photoshop ж.б.), программалоо (exe, bat, com форматындагы файлдар). Иштер сынактын темасына шайкеш келиши жана сапаттуу аткарылышы керек. Ар бир иш маалыматтык мааниге ээ болушу, ураан же чакырык камтышы зарыл.
- Иштин оң жак ылдыйкы бурчуна катышуучунун аты-жөнү, жашы, мектеби, классы жана дареги жазылышы керек. Эгерде иш топтук болсо, анда чыгармачыл топтун аталышы жана анын мүчөлөрү көрсөтүлүшү шарт. Шрифттин өлчөмү 12-15 пт ашпашы керек.
- Сынакка электрондук форматтагы гана иштер же аларга шилтемелер кабыл алынат. Вирусу бар иштер сынакка катышуусуна жол берилбейт! Жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланышат.
Маалымат үчүн телефон: (0312) 31-58-47.
РЕСПУБЛИКАЛЫК КОМПЬЮТЕРДИК ПЛАКАТТАР СЫНАГЫНЫН ЖОБОСУН КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ЖҮКТӨӨ >>>