2025-жылдын 24-февралынан тартып 28-февраль күндөрү Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн Республикалык илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өткөрүлөт. 17 жылдан ашык убакыттан бери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы өлкөдө окуучуларды илимий изилдөөлөрдүн жана өндүрүштүн кызыктуу дүйнөсү менен тааныштыруу үчүн Жумалык өткөрүп келет.
Кыргыз Республикасын өнүктүрүү стратегиясына, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы билим берүү стратегиясына ылайык, биздин өлкөнүн социалдык-экономикалык саясатынын маанилүү артыкчылыктары болуп жаштарды кесиптик ишмердүүлүктүн техникалык чөйрөсүнө тартуу жана илимий жана техникалык кесиптердин кадырын арттыруу, анткени техникалык жактан компетенттүү адистерсиз Кыргызстандын инновациялык потенциалын түзүү жана өнөр жайды өнүктүрүүгө түрткү берүү мүмкүн эмес!Ошондуктан бул иш-чаранын максаты балдардын дүйнө таанымын кеңейтүү эле эмес, табигый-математикалык дисциплиналарга жана техникалык кесиптерге кызыгуусун арттыруу.
Жумалыктын программасы кызыктуу иш-чараларга бай: 2025-жылдын 24-февралында Кыргызстандын бардык билим берүү мекемелеринде анын салтанаттуу ачылышы өтөт. Жумалыктын алкагында өлкөнүн мектеп окуучулары үчүн Бишкек шаарында да, Ош шаарында дагы КРнын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен жолугушуулар, «Технопаркка» жана илимий-изилдөө институттарына экскурсиялар, КРнын алдыңкы жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы менен тегерек столдор, өткөрүлөт.
Жумалыктын жүрүшүндө окуучу жаштарды технологиялык процесстер жана техникалык адистиктер менен тааныштыруу үчүн өлкө боюнча балдарга өнөр жай ишканаларына, фабрикаларга, заводдорго жана өнөрканаларга экскурсиялар уюштурулат. Бул күнү балдар ишканалардын ишин ичинен көрүүгө, инженерлер жана рационализаторлор менен жолугушууга эӊ сонун мүмкүнчүлүк алышат.
Жумалыктын эң көрүнүктүү окуяларынын бири 27-28-февралда Бишкек шаарында өтө турган мектеп окуучуларынын «Илим + Ойлоп табуу = Техника!» аттуу республикалык илимий-техникалык олимпиадасы болмокчу. Ага Кыргызстандын бардык областтарынан командалар катышып – 100дөн ашык адам келери күтүлүүдө! Мектеп жана юниор лигалар үчүн илимий-техникалык олимпиадасы үч этапта өткөрүлөт. 27-февралда саат 10:00дөн 12:30га чейин Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордо (дареги: Эркиндик бульвары, 58а, 3-кабат, конференция залы) өтө турган биринчи этапта -теориялык турда – командалар илимий-изилдөө темасында презентация жасашат, анда балдар Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү үчүн автоунаа жолдорунун келечектүү каттамдарын иштеп чыгышы зарыл. Экинчи — экспресс-турдун темасы сынак башталар алдында берилет. Макеттерди жасоо үчүн командалар керектүү шаймандардын жана дайыма колдонулуучу материалдардын бирдей топтомдорун алышат. Ал Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордун конференция залында 27-февралда саат 14:00дөн 18:30га чейин өтөт. Үчүнчү турда окуучулар үй тапшырмасы боюнча өздөрүнүн долбоорлорун жакташат. Жаш инженерлерге моделди жасоого сунуш кылынган тема: «Роботтун байгени таап кармап, аны белгилүү бир абалга алып баруу боюнча оюн автоматынын оригиналдуу моделдерин иштеп чыгуу жана жасоосу" зарыл.Ал Инновациялык борбордун конференция залында 28-февралда саат 10:00дөн 12:30га чейин болот.
Мектеп окуучуларынын Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын салтанаттуу жабылышы, анын жыйынтыгын чыгаруу, илимий-техникалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Өтмө Кубогун тапшыруу менен сыйлоо аземи Инновациялык борбордун конференция залында 28-февралда саат 17:00до өтөт.
Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн жаш муундары илимий-техникалык багыттагы кесиптерге көбүрөөк кызыгып жатышат, ошондуктан мектеп окуучуларын креативдүү илимге, технологияга жана инженерияга тартуу, ошондой эле кесип тандоодо аларга колдоо көрсөтүү Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүн камсыздайт!