"Алтын түйүн" УБИТА
Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Манас проспекти, 1
ndita.at@gmail.com
+ 996 (312) 31-58-47, 31-58-74

КРОТТ-лабораториясы

ЖЕТЕКЧИСИ: Шамсутдинов Марат Мубаракшаевич, техникалык илимдердин доктору, Кыргыз Республикасынын Ардактуу ойлоп табуучусу узнать больше о педагоге >>>

КУРАГЫ: 12-17 жаш

КРОТТ-лабораториясы (Колдонмо рационализатордук  жана ойлоп табуу тапшырмалары) – бул балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берген уникалдуу платформа. КРОТТ өспүрүмдөргө чыгармачыл, ойлоп табуучулук жана стандарттуу эмес ой жүгүртүүнү үйрөтөт, бул болсо окуучулардын заманбап дүйнөгө тез жана ийгиликтүү адаптацияланышына жардам берет.

КРОТТ зарылдыгы эмнеде?

  • системага салынган ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүү – балдар ар бир объектини анын айлана-чөйрөдөгү өз ара байланышы менен көрүүгө үйрөнүшөт;
  • жыйынтыкка жетүүгө багыт алуу – ар бир иш натыйжа алып келиши керек;
  • тажрыйбаны топтоо жана жаңы шарттарга ылайыкташтыруу – өспүрүмдөр алган билимин жана көндүмдөрүн жаңы кырдаалдарда колдонууну үйрөнүшөт. Бул жөн гана үйрөнгөндү кайталоо эмес, аны жаңычыл шарттарга жараша колдонуу.

КРОТТ-лабораториясында балдар:

  • КРОТТ ыкмасынын негизинде рационализатордук жана ойлоп табуучулук тапшырмаларды чечүүнү үйрөнүшөт;
  • патенттик изилдөө жүргүзүүнү жана өз идеяларын патентке чейин жеткирүүнү өздөштүрүшөт;
  • ойлоп тапкан нерселерин ишке ашыруу үчүн жаңы технологияларды колдонууну үйрөнүшөт.

Марат Мубаракшаевич Шамсутдинов – техникалык илимдердин доктору, Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун Тоо-кен өндүрүшүнүн физикалык процесстери кафедрасынын профессору, Кыргыз Республикасынын Ардактуу ойлоп табуучусу – кесипкөй адис катары окуучуларды ойлоп табуучулук дүйнөсү менен  тааныштырат!

Марат Мубаракшаевич өзү да илим менен чыгармачылыктын жолуна "Алтын түйүндөн"  баштаган. Ал кезде бул мекеме Республикалык Жаш техниктер станциясы болгон. Ал дайыма биздин республикалык жана эл аралык иш-чаралардын калыстар тобунун мүчөсү болуп келген, Кыргызстан аймактарында ойлоп табуучулук жана компьютердик экспресс-мектептерди өткөргөн. Бирок буга чейин ойлоп табуучулук сабактарды "Технодром" лагеринин гана катышуучулары үчүн өтүп келген. Эми ар бир адам жаш ойлоп табуучу боло алат!

Биздин академиянын тарбиялануучулары буга чейин 13 ойлоп табуучулук патентке ээ болушкан!

КРОТТ-лабораториясына кош келиңиздер!

БАЛАНЫ ЖАЗДЫРУУ


Окшош жаңылыктар

15.01.2024

Зимний лагерь "Технодром" - 2024

Доброй традицией январских каникул является республиканский лагерь «Технодром» НДИТА "Алтын туйун". В этом году зимняя смена нашего лагеря проходила с 4 по 13 января в отеле "ASSN GOLD HOTEL" в городе Чолпон-Ата на озере Иссык-Куль.